Ырчы Нуркыз Кожонованын кыз узатуу тою болуп өттү

276

Кечээ, 7-ноябрда кыргыз эстрада ырчысы Нуркыз Кожонованын кыз узатуу тою болуп өттү. Ырчы айымдын бул жакшылыгы менен куттуктап байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:
“Ата-энем Таш-Көмүр шаарында болгондуктан кыз узатуу тоюбуз ошол жакта өттү. Буюрса, баары ойдогудай болду. Дос-туугандар жакшылыгыбызга келип, куттуктап кетишти. Абдан чарчап калыптырмын. Эми үлпөт тоюбузга даярдана баштайбыз”-дейт ал.


Кыз узатуусунда Нуркыз Кожонова жолдошу Эмил мырзага арнап “Бактым сенсиң” аттуу чыграмасын аткарып берди.