Майкл Жексондун байпагы 2 миллион долларга бааланууда

150

Легендарлуу америкалык ырчы Майкл Жексондун байпагы 2 миллион долларга бааланганы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, дал ушул байпагы менен Жексон “Motown 25: Yesterday, Today, Forever” концертинде легендага айланган артка карай жылуу бий техникасын биринчи ирет аткарган.
Учурда байпактын баштапкы баасы 100 миң доллар. Бирок адистер 1-2 миллион долларга сатылат деп болжолдошууда.


Бул байпак Майкл Жексон менен 1984-1989-жылдар аралыгында чогуу эмгектенген менеджери Фрэнк Дилоенун жеке коллекциясынын бир бөлүгү. Жексон ага “Victory Tour” концерттик турнени уюштурууга жардам бергени үчүн белек кылган.
“Victory Tour концерттик турнеде талыкпай эмгектенгениң үчүн бул байпагымды сага ыраазачылык катары тартуулайм. Ыраачылыгым жана урматым менен Майкл Жексон” деп жазылат анда.


Эске салсак, байпак дийзанер Билл Уиттендин эмгегине таандык. Жогорудагы аукцион 13-22-ноябрь аралыгында өтөт. Мында Майкл Жексонго тиешелүү башка баалуу буюмдар дагы аукционго коюлаары маалым болду.