Леди Гага Брэдли Купер менен болгон сүйүүсү оюн экенин жар салды

283

Америкалык ырчы Леди Гага актёр Брэдли Купер менен болгон сүйүүсү оюн экенин жар салган. Бул тууралуу ырчы массалык маалымат каражаттарына берген маектеринде айткан.
Белгилүү болгондой, Гага менен Купер сүйүү баянын элди ишендирүү максатында гана роль ойноп жүргөн. Алардын ар бир баскан-турганы алдан ала ойлонулганын маалымдаган. Жыйынтыгында алар бири-бирин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн мактап коюшчу.


Эске салсак, Гага менен Купердин ортосунда жакын мамиле бар экени “Звезда родилась” тасмасында актёрлор сүйүшкөндөрдүн ролун аткаргандан тарта башталган. Мындан улам Гага жигити менен мамилесин үзсө, Брэдли жубайы модель Ирина Шейк менен ажырашкан.
Андан сырткары ырчы Брэдлиден эмес, жаңы альбомунан кош бойлуу экенин айтып маалымат каражаттарынын тынчтандырган.