Казактын экс-депутат Динагүл Тасованын ич кийимсиз кийип чыккан кофтасы аукционго коюлат

899

Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын экс-депутаты Динагүл Тасова мода жумалыгында кайрадан көкүрөгүн ачып денеси көрүнгөн кофта кийип чыкканы талкуу жаратканын маалымдалган эле.


Бүгүн, 8-ноябрда Динагүл Тасова Петропавловск дизайнерлеринин мода көргөзмөсүндө кийген кофтасы аукционго коюлуп жаткандыгы тууралуу маалымдады:
“Урматтуу менин катталуучуларым. Менин кезектеги мода жумалыгында кийген кофтага суроо-талап жана сунуштар көп болгондуктан, дизайнерлер жана уюштуруучулар менен биргеликте аны аукционго коюу идеясы келип чыкты. Сиздерде дизайнерлердин колунан тигилген бул кийимди жакындарыңызга жана өзүңүзгө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Баштапкы сатып алуу баасы 50 миң теңге, ал эми аукцион 5 миң теңгеден башталат”-дейт Тасова.