Бишкекте тез тамактануучу жайдан өрт чыгып, жабыркаган 13 адамдын бирөөсү каза тапты

204

Бүгүн, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишинде жарылуу болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарылуу тууралуу кабар саат 13.42 келип түшкөн. Ага өрт өчүрүүчү 3 бөлүм тартылган.
Маалыматка караганда, өрт “Антошка” тез тамактануучу жайынан келип чыккан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.


Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлагандай, өрттүн кесепетинен 13 адам жабыр тартып, аларды тез жардам кызматкерлери алып кетишкен. Алардын 3ү жаш балдар болсо, тез тамактануучу жайдын 1 кызматкери ошол жерден каза тапканы маалым болду.
Ал эми Тумара Ташболотова курбусу жарылуу учурунда жабыр тарткандыгы тууралуу маалымдады. Анын айтымына караганда, курбусу “Антошка” тез тамактануучу жайында жигитин күтүп жаткан. “Ал жигити келээрин айткан эле. Биз коштошуп, жол чырактын жанына келгенимде, жарылуу болду. Мен бурулуп караганга дагы жетишкен жокмун. Азыр курбумдун анын абалы кандай экенинен кабарым жок”-дейт Тумара.