Анжелика: “Чыпалактын жанына шакек кийбей койсом, бронь тагып койду. Эх, сүйүү, сүйүү…”

141

Кыргыз эстрада ырчысы Анжелика жүрөгүн багындырган мырзаны колун сураганын жана ойлонуп жатканын маалымдаган. Учурда чет өлкөдө кыздары менен эс алууда жүргөн ырчы айым жеке баракчасына “бронь” болгонун жазган:
“Чыпалактын жанына шакек кийбей койсом, бронь тагып койду. Эх, сүйүү, сүйүү…”-дейт ырчы күйөрмандарынын бүйүрүн кызыта.


Бул билдирүүсүнөн соң, ырчы айымга шакек таккан мырзанын ким экени баарын кызыктырган өңдүү. Бул боюнча Анжелика айым төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:
“Азырынча комментарий бере албайм. Бакыт тынчтыкты сүйөт”-дейт ал өз кезегинде.