Телеалпаруучу Лера Кудрявцева Италияда жүргөндө ууланды

123

Телеалпаруучу Лера Кудрявцева жагымсыз окуяга дуушар болду. Ал инстаграм баракчасы аркылуу ууланып калгандыгын күйөрмандарына айтты.

Эске салсак, азыркы тапта Лера Кудрявцева күйөөсү менен Италияда саякаттап жүрөт.

“Кечээ, эмнеден улам болгонун билбейм, айтор, ууланып калдым. Пицца, паста, шоколад, токоч же жүзүм… Эмнеден ууланганымды дагы деле билбей жатабыз. Пиццадан болушу мүмкүн эмес, анткени сыр менен жасалган болчу. Кыскасы, достор, кечээ мен түнү бою кыйналдым, мындай өмүрүмдө болгон эмес! Күйөөм түн ортосунда дарыканага чуркап жүрдү. Бактыга жараша Италияда деле биздегидей жөнөкөй жана ден соолукка пайдалуу дары-дармектер бар экен…”-деди ал Инстагармдагы түз эфирден.