Көзүнө татуировка тарттырмакчы болгон кыз сокур болуп калды

181

Эмбер Люк аттуу Автралиянын жараны көзүнө татуировка жасатам деп сокур болуп калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Эмбер Люк аттуу кыз көп жылдан бери тышкы келбетин ажыдаардын келбетине окшоштурууга аракет кылып келет. Ал буга чейин дене түзүлүшүн, төшүн, жүзүн, оозун жана кулактарынын формасын өзгөртүүгө жетишкен.  Кулактары чоң көзөнөкчө, тили эки ача болуп кесилген Люк мунусунда көзүнүн түсүн көккө өзгөртүүнү каалаган. Тилекке каршы, татуировка кылып жаткан сүрөтчү жигит кыздын көзүн капысынан оюп алган.

Өзүн “Көк көздүү ак ажыдаар” деп атаган Эмбер Люктун денесинде 200дөн ашык татуировкасы бар. “Ажыдаарга” айлануу аракетине Эмбер Люк жалпысынан 26 миң доллар каражат короткон.