Кристиан Бейл роль үчүн 18 килограммга арыктады

254

Америкалык актёр Кристиан Бейл британиялык автожарышчы Кен Майлздын ролун аткаруу үчүн бир нече айда 18 килограммга арыктады. Эске салсак, Кристиан азыркы тапта режиссёр Жеймс Мэнголддун «Ford против Ferrari» тасмасына тартылууда.

Актёр арыктоого унаага батпай жаткандыгы себеп болгондугун айткан.

“Жарышка түшчү унаалар ыңгайлуу шарт үчүн жасалган эмес. Ал унаалар аябай катуу. Мен бул унааларга араң батып жаткам”,-деди ал. Ал эми өзү аткарып жаткан каарман тууралуу актёр: “Мен бул ролго тез эле сүңгүп кирип кеттим. Майлз жашоодон ырахат алып жашаган жана эмне кылса ошону сүйгөн”,-деп билдирген.

Аталган тасманын бет ачары Орусияда 14-ноябрдан тарта сатыкка чыгат.