Бишкекте 11-кабаттан секирген кыз каза болуп калды

127

Кечээ, 6-ноябрда Бишкек шаарындагы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 11-кабатынан бир кыз секиргени жаткан видео социалдык тармакка таркаган болчу. Бирок ал видеодо кыздын кулаган жери тартылган эмес.  Кийинчерээк көпчүлүктүн көз алдында бир кыз имараттан секирип кеткени жөнүндө маалымат тараган. Бишкек милициясы курулуш таштандыларынын үстүнө түшкөн ал кыз тирүү калганын билдирген. Ошондой эле аны “Тез жардам” унаасы ооруканага алып кеткени айтылган.

Кыз ооруканага жеткирилгенден кийин, алган жаратынан улам эсине келе албай үч сааттан соң көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, өтө оор абалында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ал кыздын башы катуу жабыркап, бир нече жери сынган. Бул жаракаттар анын бул дүйнө менен кош айтуусуна себеп болгон.