Куудул Жакут Сыдыков баңгизатын сактоого шектелип, 2 айга камакка алынды

410

Айрым маалымат булактарында кыргыз шоу-бизнесине таанымал адам баңгизаты менен мечиттен чыгып келе жатып милиция кызматкерлерине кармалганы жазылган. Маалыматтарга таянсак, кармалган жарандын жанынан баңгизаты табылып, бул факт “баңгизат сактоо” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде аталган жарандын баш коргоо чарасын караган Ленин райондук соту 26-октябрда кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алган.

Бирок кармалган жаран кайсы шоу бизнес өкүлү экендиги маалыматтарда так жазылган эмес. “Барс Медиа” порталы бул тууралуу иликтеп көрүп, өздүк маалымат булактарыбыз аркылуу кармалган жаран куудул, ырчы жана актёр Жакут Сыдыков экендигин жана ал азыркы тапта тергөө абагында экендигин билдик. Ал эми өнөр адамдары “Жакутка жардам” деп социалдык тармактардан тайпа ачып, кесиптешине колдон келген жардам көрсөтүүнү максат кылып жатканы маалым болду.