Айтылуу “18 жаш” ыры орусчага которулду

277

Сөзү Кемел Бакашовго, обону Аксуубай Атабаевге таандык “18 жаш” аттуу ырды Зейнеп Шаакееванын аткаруусунда укпаган кыргыз болбосо керек. Бул ыр бир канча жылдан бери хит болуп, көп ырчылар жаңылап жаздырып, азыркыга чейин эл сүйүп угуп келет.

Жакында эле ютуб каналдардын бири бул ырдын орусча вариантын жүктөдү. Видеодо улгайган орус улутундагы адамдар “18 жаш” ырынын обонуна орусча текст жазып алып ырдап жатышканын көрүүгө болот.