Төкмө акын Аалы Туткучев ырчылыкка аттанды

422

Төкмө акын Аалы Туткучевди буга чейин көрөрмандар айтыштардан гана көрүп келген. Эми ырчынын дагы бир таланты ачылды десек болот. Тагыраагы ал жакында эле “Байтору” деген жаңы ыр жаздырып, ага клип дагы тартып салды.

Төкмө акындан мындай жаңылык күтпөгөн күйөрмандары бул клипти жылуу кабыл алышууда.

“Үнүңүз айрым ырчыларга караганда жакшы экен”, “Азамат, ыр дагы, клип дагы жакшы болуптур”, “тарыхта бир жаралчу, түркүн талант ээсисиң” деп мактагандар басымдуу. Арасында “эми төкмөлүктү таштап, ырчылыкка өтүп кетпе” деп санаа чеккендер да бар.