Оор илдетке кабылган Кыргыз Эл артисти Гүлайым Каниметовага жардам керек

217

Кыргыз Эл артисти, “Курманжан датка” спектаклинде датканын ролун жараткан актриса Гүлайым Каниметова залалдуу шишик дартына кабылды. Азыркы тапта актрисанын дарылануусуна каражат керек болуп жатканын Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драмамалык театрынын социалдык тармактагы расмий баракчасына жазылды.

“Урматтуу, жалпы кыргыз эли! Жардамыңыздар керек…

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Токтогул” атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, кайталангыс талант, кыргыз театр корифейи, эң мыкты образдары менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан эл сүйгөн талант Гүлайым Каниметова эжекебиз күтүүсүз жерден оор илдетке (тери рагы) чалдыгып, жалпыбыздын колдообузга муктаж болуп турган учуру. Сахна ханышасынын өмүрүнө, ден соолугуна кайдыгер карабаган ар бириңиздер жардамга кол сунушуңуздарды өтүнөбүз. Жардам үчүн  Гүлайым эже, тезирээк сакайып кетишиңизди кудайдан тилейбиз”,-деп жазылат маалыматта.

Жардам берүүнү каалагандар каражатты Элсомго которсо болот: 0558822805.