Ырчы Алтынай Нарбаева келиндүү болду

413

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын уулу Темирлан үйлөндү. Бул туурасында ырчы өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

 “Кутман кеч досторум!!! Жаңылыгым, сүйүнүчүм менен бөлүшкүм келди. Уулубуз Темирлан жүрөгүндө толо сүйүүсү менен айдай чырайлуу Айданайыма барып, чоң той болуп, бүгүн үйүбүзгө алып келдик”,- деп ырчы кубанычы менен бөлүштү.

Андан соң ырчы эки жашка бак тилеп,  “Кудагыйларга терең таазим,  миң жылдык кудалардан бололу”,- деп ыраазычылыгын билдирген.

Ал эми интернет колдонуучулар, “Келин эмес кыз болсун Алтынай эже”, “Келиниңиз куттуу болсун. Берекелүү болуп көбөйүшүп, үйүнүзгө неберелер толсун”, деген жакшы калоо-тилектерин жаадырып жатышкан чагы.